Эффективдүүлүктү жана боордун абалын жакшыртууга болот, эгерде күнүнө бир аз быштак жеп турса. Бул тууралуу диетолог Нурия Дианова Sputnik радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Адистин айтымында, бул сүт азыктарынын курамында болгон аминокислота метионин боорду ашыкча майлардан арылтат.

«Быштактын курамында заттардын эң жакшы комбинацияларынын бири бар. Анын ичинде метионин да бар. Бул аминокислота боордун иштешине, боордогу бардык ооруларга абдан жакшы таасир берет. Метионин боордогу майдын көлөмүн азайтууга жардам берет деп айтат элем. Илимий тил менен айтканда, быштак боор клеткаларынын метаболизмин жакшыртат деп айта алабыз», — деп түшүндүрдү Дианова.

Диетолог белгилегендей, айыктыруучу эффектке жетүү үчүн күнүнө 50 граммдан кем эмес быштак жеш керек.

«Орточо адамдын рационуна кирүүгө тийиш болгон быштактын минималдуу өлчөмү күнүнө 50 граммды түзөт. Эртең мененки тамакка 50 грамм быштак жетиштүү. Түшкү тамакка 100 граммга чейин быштак жесе болот, кечки тамакка да ошончо өлчөмдө жегенге болот «, — дейт дарыгер.