Бүгүн, 4-майда Кыргыз футбол бирикмеси жана Президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган футзал боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши башталды. Спорттук иш-чаранын ачылышында Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, таймашка катыша турган командаларга ийгиликтерди каалады.

Андан соң “Президенттин администрациясы» менен “Жогорку Кеңеш” командалары күч сынашты.

Алгач ирет мелдешке катышып жаткан Жогорку Кеңештин командасында Төрага Талант Мамытов баштаган депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Дастанбек Жумабеков, Бактыбек Сыдыков, Нурлан Ражабалиев, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Марлен Маматалиев, Арсланбек Малиев, Замирбек Мамасадыков, Шаирбек Ташиев, Мурадыл Сыдыков, Бактыбек Чойбеков жана Ырысбек Атажанов ойноду. Жыйынтыгында 4-1 эсебинде Президенттин администрациясы жеңишке жетишти.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Аталган турнирде Президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу өтүп турарын жарыялаган. Ага ылайык, уюштурулган кезектеги турнирге 12 команда катышууда.