Классикалык кыргыз күрөшү боюнча Республикалык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык,  8-9-майда Кожомкул атындагы спорт сарайында аймактардан келген балбандар күч сынашат.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу астында,  Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана  Кыргыз Улуттук классикалык күрөш федерациясы уюштурган Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналып классикалык кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын турнири өткөрүлөт.

8-майда таразага түшүү жана тандоо. Ал эми 9- майда күрөш башталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Уюштуруучу топ белгилегендей, байге фонду 300 000ди түзүп, күрөштүн башкы демөөрчүсү Лейлек районунун  Сумбула жана Ак-Суу айылдарынын тургундары.