Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө тиешелүү мыйзам бузууларга күбө болсо кабарлап коюуну өтүнөт.

Бул үчүн министрликтин биоресурстар башкармалыгынын начальниги Б.М. Бузурмановго 0220 911 911 номери аркылуу же министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнө байланышууга болот:

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы — 0312 540 579 жана 0990 447 212 (WhatsApp);

Бишкек аймактык башкармалыгы — 0554 434 202;

Чүй аймактык башкармалыгы — 0707 466 225;

Талас аймактык башкармалыгы — 0509 101 911;

Ысык-Көл аймактык башкармалыгы — 0550 270 681;

Нарын аймактык башкармалыгы — 0708 828 208;

Ош аймактык башкармалыгы — 0550 179 747;

Жалал-Абад аймактык башкармалыгы — 0220 786 273;

Баткен аймактык башкармалыгы — 0995 301 410.

Министрлик 3-майда Чүй районунун Ленин айылында теректерди мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталып, тартип бузгандарга акт түзүлгөнүн билдирди. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын суммасы 31 миң сомду түзгөн.