Бишкекте 3-майда 27 жаштагы кыз белгисиз жагдайда «Достук» мейманканасынын 7-кабатынын балконунан кулап кеткен. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ал 1995-жылы туулган М.И. аттуу кыз болгон. Кыз алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин ошол жерден каза болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.