Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин финалдык оюну өттү.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде болду.

Достук мелдешинин финалында “Президенттин администрациясы” командасы «Жогорку Кеңеш» менен оюн талаасына чыкты. Депутат Дастан Жумабеков өзүнүн дарбазасына гол киргизип алуусу менен беттеш кызыды. Көп өтпөй Муса Жаманбаев президенттин командасына экинчи голду алып келсе, акыркы мүнөттөрдө Садыр Жапаров атаандашынын дарбазасынын сол бурчуна гол киргизип, эсепти 3:0гө өзгөрттү. Биринчи бөлүк “Жогорку Кеңештин” оюнчусу Нурлан Ражабалиевдин голу менен аяктады.

Экинчи бөлүктө депутаттардын командасынын дарбазачысы Эмил Жамгырчиев оюн талаасына чуркап чыгып, гол киргизгенге жетишти. Бирок кайра өзүнүн дарбазасына гол киргизип алып, эсеп 4:2ге айланды. Эки мүнөттүн ичинде Жапаров өз командасына бир гол алып келди. 6-мүнөттө автоголдун ээси Дастан Жумабеков эсепти 5:3 кылса, Азамат Жаманкулов дагы бир гол жаратканга үлгүрдү. Беттеш Садыр Жапаровдун голу менен (7:3 эсебинде) жыйынтыкталып, “Президенттин администрациясы” командасы жеңүүчү аталды.

Ал эми үчүнчү орунду “Алга” командасы ээлесе, төртүнчү орунга “Ыйман” илинди. Бул ирет чемпиондук наам үчүн ар тармактын кызматкерлеринен турган 12 команда күрөштү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” ээлеген.