Кечээ, 6 — май күнү Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган кыз — келиндер арасында волейбол боюнча  “Раззаков шаарынын мэринин кубогу” өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган турнирге Лейлек районунан жана Сүлүктү шаарынан келген 9 курама команда катышты.

Оюндун жыйынтыгы менен орундарды:

I — Раззаков шаарынын

II — Кулунду айыл өкмөтүнүн

III — Тогуз — Булак айыл өкмөтүнүн

IV — Сүлүктү шаарынын курама командалары багындырды.

“Жеңүүчүлөргө Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан даярдалган акчалай сыйлыктар, кубок жана медальдар тапшырылды”, — деп айтылат маалыматта.