Индиянын жаранын сабап салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 102 кызматына 8-май күнү саат 02:12де Бишкек ШИИББине 2000-жылы туулган С.К. аттуу Индиянын жараны денесинен алган жаракатынан улам Улуттук госпиталга түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган.

Анда милиция 2022-жылдын 7-май күнү саат 23:45 чамасында Индиянын жараны С.К. Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги кафеде достору менен отурганда үч белгисиз адам эч себепсиз денесине залал келтиргендигин аныктаган.

Ошол эле күнү Индиянын жараны жогорудагы белгисиз адамдарга чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Учурда кылмышка шектүүлөрдү табуу жана кармоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Кылмыш ишинин тергөөсү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө», — деп билдиришти Ленин РИИБинен.