Мамлекеттик салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу акциясы бүгүн, 10-майда старт алып, 31-декабрга чейин созулат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев маалымдады.
Анын айтымында, лотерея үч этапта: 1-июлда, 1-октябрда жана 31-декабрда ойнотулат.
“Ага Кыргызстандын 18 жаштан жогору курактагы бардык жарандары катыша алат. Байге фонду демөөрчү жана өнөктөштөрдүн жардамы менен түзүлдү. Биринчи утуш 2022-жылдын 1-июлунда, экинчиси 1-октябрда, үчүнчү финал үстүбүздөгү жылдын 31-декабрында ойнотулат», — дейт төраганын орун басары.
Кыдыргычев белгилегендей, лотереяга катышуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу жетиштүү:
— «Салык чек» атайын мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;
— ар бир товар сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;
— алынган кассалык чектин QR коддун мобилдик тиркемеден сканерден өткөрүү.
— система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.
1-июлда төмөнкү байгелер ойнотулат:
— 2 автоунаа;
— 10 iPhone 13 телефону;
— 10 Samsung телефону;
— 2 муздаткыч;
— 2 микроволновка;
— 2 кир жуучу машина;
— 2 чаң соргуч;
— Ысык-Көлгө эс алууга 5 жолдомо.