Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов кылмыштын курамы жок деп акталды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк  булактарына таянуу менен ​​билдирди.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарганы айтылат.

«Жабырлануучу коюлган айыпты колдоодон баш тарткан, ал эми прокурор Акылбек Эшимовду күнөөлүү деп таап, пробациялык көзөмөл режимин колдонуу менен жазалоону өтүндү. Судья Эмилбек Кайыпов  Эшимовдун кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок, даттануучу менен жарандык келишимде чечишип алса болорун айтып, айыпталуучуну толук актады», — деп жазат редакция.

Эске салсак, Акылбек Эшимов 2021-жылдын сентябрь айында кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, БШКнын мүчөсү «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, 2020-жылдын июнь айында саясий уюмдан 2020-жылдын күз айына белгиленген парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кирүү үчүн арыз ээсинен 550 миң доллар алган.

Милдеттенмелерин аткара албай, партиянын лидерлеринин бири менен А.Д.га 300 миң доллар кайтарып берип, 250 миң долларды өздөштүрүп кеткен.