Түркмөнстанда коомдук жайларда кол кармашып жүргөн ондогон жубайлар кармалды. Маалымдалгандай, полиция аларды “салттуу негиздерди бузган” деп айыптады, деп билдирет Centralasian.org.

 «Жубайым экөөбүз үйдөн чыгып баратканбыз. Жаныбызга милициянын унаасы келип токтоду, кызматкерлер жубайым экөөбүздүн унаага түшүп, бөлүмгө баруубузду, түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын айтышты. Ар бирибизди өзүнчө бөлмөгө киргизишип суракка алышты», — деп бөлүштү Түркмөнстандын Мары шаарынын тургуну.

Кармалган жаран туугандарына телефон чалып, жубайы менен мыйзамдуу биримдикте экенин далилдеш үчүн нике күбөлүгүн жана паспортторду алып келүүнү суранган. Бирок полиция түгөйлөргө түркмөндөрдүн салттуу баалуулуктары тууралуу лекция угууну буйруган.

Мары шаарынын тургундарынын бири лекция «негизинен аялдарга арналганын» белгиледи. Анын айтымында, лекторлор — милиционер жана белгисиз аткаминер жыйынга катышкан аялдарды «ашыкча боенгондугу» жана  «эркектер менен кол кармашып адепти бузду» деп айыпташкан.

Кармалгандар мындан ары эл алдында бири-бирине жакындыгын көрсөтпөй тургандыктары тууралуу документке кол койгондон кийин гана бошотулган. Милиция жубайлар кайрадан мыйзам бузууга барса олуттуу көйгөйлөр жараларын эскертти, бирок эмне айып жана кандай жаза колдонулушу мүмкүн экенин түшүндүргөн эмес.

Түркмөн бийлигине атасы Гурбангулы Бердымухамедовдун ордуна марттагы шайлоодо президент болуп Сердар Бердымухамедов бийликке келгенден кийин, аялдарга көзөмөлдү күчөттү. Апрелде полиция көчөлөрдө жасалма тырмак жана кирпик тагынган ондогон аялдарды кармаган. Полиция ошондой эле аялдарды токтотуп, эрин чоңойткондугун текшерет.

Басылма белгилегендей, МАИ кызматкерлери жеке унаа ээлерине туугандары эмес аялдарды салонго киргизбөөнү буйрган. Ал эми аялдардын унаанын алдыңкы  орундугуна отурууга уруксаты жок.