Кылмыш-кырсык
Чаткалда сабак учурунда мектептин шыбы урап түштү. Сүрөт
Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу «Амирабек Чымканаев» атындагы №18 мектепте сабак учурунда шыбы кулап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Чаткал районунда жайгашкан Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы (потолок) урап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
«Кырсык катталган жерге № 79 ӨК-КБнүн 3 куткаруучусу тартылып, куткаруу жумуштарынын натыйжасында 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылып Ала-Буа райондук ооруканасына жөнөтүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.
Кошумча маалымат берилет.