Кыргызстандык «Каспар» компаниясы Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) муздатылган койдун этин жөнөтүп баштайт. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган компания Дубайдын Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги тарабынан каттоодон өтүп, эт жеткирүүгө уруксат алган. Жакынкы арада ай сайын 100 тоннадан 150 тоннага чейин кой этин жеткирүү пландалып жатканын аталган агенттиктен маалымдашты.

«БАЭ чоң рыноктук мүмкүнчүлүгү бар өлкө жана ал жерде жыл сайын халал стандарттары боюнча сертификатталган жогорку сапаттагы эттин импортун көбөйтүү тенденциясы байкалууда. Таза абада, ошондой эле бийик тоолуу жана тоо этектериндеги жайлоодо мал жарым жыл багылгандыктан, Кыргызстандын эти БАЭде бааланып, экологиялык жактан таза болуп саналат», – деп кошумчалады мекемеден.

Инвестициялык агенттик ошондой эле БАЭге эт азыктарын экспорттоо боюнча суроолор менен +996 312 300 284 телефонуна чалсаңыз болот деп билдирди.