Коом

Бишкекте 1-июлдан тарта муниципалдык транспортто жүрүү үчүн накталай төлөм жокко чыгарылат

Бишкекте 1-июлдан тарта автобус жана троллейбустарда накталай төлөмдөр токтотулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын март айынан тарта BPC AG швецариялык компания менен бирге борбор калаада “Тулпар” картасы иштөөдө. Эки жылдан бери жарандардын ыйгалуулугу үчүн электрондук төлөө системасы иштеп келген. Эми 1-июлдан баштап муниципалдык транспорттордо накталай акча алынбай, “Тулпар” картасы толук иштей баштайт.

Төлөмдү төмөнкү жолдор менен жүргүзүүгө болот:

— үч категориядагы «Тулпар» транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— виртуалдык NFC картасы;

— «Тулпар» жана Баланс тиркемесинде QR-сканерлөө;

— «Тулпар» тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Стандарттык көк карталарды “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, уюлдук операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сом (бир жол кирүүнү камтыйт). Көк стандарттуу карта сатуу пункттарын  бул жерден көрүүгө болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button