Коом

Никита Михалков ЕАЭБ мейкиндигинде евразиялык “Оскар” сыйлыгын негиздөөнү сунуштады

Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссер Никита Михалков маданий цивилизацияга түндүк атлантикалык чабуул жүрүп жатканын билдирди. Ал Бишкек шаарында өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумга катышууда.

Адис искусство деген түшүнүктүн ордуна таптакыр башка баалуулуктар таңууланып жатканын белгиледи.

«Маданий цивилизацияга түндүк атлантикалык чабуул жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө идеялар жоголуп, искусствого кирбеген нерселер искусство катары тааныла баштады. Маданий баалуулуктарды коргоонун бир жолу — бул евразиялык цивилизация. Эркиндик деген жагымдуу сөз бизди тушап койгон көрүнүшкө айланды. Биз баарыбызды бириктирип турган маданий салт-санааларыбызды коргоп алышыбыз керек», — деди кинорежиссер.

Ал ошондой эле Россиянын кинематографисттер союзунун атынан Евразия киноакадемиясы менен  Евразия Оскарын негиздөөнү сунуштады.

«Бул сынакка адамдык сапатты бузган картиналар кирбейт. Жыл сайын сынакка Евразия аймагына кирбеген өлкөдөн чыгарылган бир тасма катыша алат. Бирок анын мазмуну биздин принциптерге дал келиши керек. Менимче, биргелешип байге фондун 3-5 миллион доллардын тегерегинде кылсак болот. Бул маселе эң жогорку деңгээлде чечилиши керек деп эсептейм», — деди Михалков.

Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.

Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болуп жатат.

Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button