Коом

Азык-түлүктөргө, күйүүчү майлоочу майларга баалар эмнеге жогору болууда?

2022-жылдан тарта күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө карата баалардын өсө баштаганы коомчулукту тынчсыздандырып келет. Баалардын эмне себептен жогору болушуна түшүнүү үчүн, Кыргызстанга сырттан кирген продукциялардын, күйүүчү майлоочу майлардын биздин өлкөгө кирүү шарттарына көз чаптыралы. Чет өлкөлүк валюталардын өйдө-ылдый болуусу, товарларды сатуучу өлкөлөрдүн дүң бааларды жогорулатуусу, кант кызылчасынын жана май чыгаруучу өсүмдүктөрдүн түшүмүнүн начар болуусу, мындан тышкары бизге экспорт кылуучу өлкөлөрдүн даяр продукцияларды жана чийки заттарды да киргизүүгө чектөө киргизгени – логистиканын кымбаттоосунун негизги себептери болду.

Бааларды турукташтыруу менен ички рынокторду коргоо жана продукциянын таңкыс болбошу үчүн, импортер – мамлекеттер бааларды жөнгө салуу, тыюу салуу/чектөө сыяктуу чараларды колдонуп жатышат, бул өз кезегинде экспорттук баалардын өсүшүнө алып келүүдө.

Импортточу өлкөлөр менен иштешүүдө продукциянын ар бир партиясы үчүн баалар 5 пайыздан 20 пайызга чейин кымбаттоо менен келүүдө, бул абал АКШ долларынын наркы түшкөнүнө карабастан бааларды төмөндөтүүгө мүмкүндүк бербей жатат.

Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бааларды кармап турууга көмөктөшүүчү мындай чараларды көрүп жатат:

— бир катар продуктуларга кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасын 0 пайыз кылуу (кумшекер менен өсүмдүк майларына);

— ички рынокто аялуу катмардагы адамдар үчүн өсүмдүк майынын бир литрин 130 сомдон саттыруу;

— 2022-жылдын 11-мартындагы элге кумшекерди сатууда өз ара кызматташуу жөнүндө мурда түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Бул макулдашууга ылайык, соода түйүндөрү (Народный, Глобус, Достор, Фрунзе) 1 адамга лоялдуулук картасы боюнча суткасына 79 сом/кг жеңилдетилген чекене баа менен кумшекер сатат. Бир килограммдан ашкан кумшекер 85 сом/кг.дан сатылат.

— КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Айыл чарба министрлигинин жана ун өндүрүүчү комбинаттардын ортосундагы макулдашуунун аркасы менен, рынокту жеткиликтүү баада сапаттуу ун жана мал үчүн тоюттардын түрү менен камсыз кылуу милдетин ун өндүрүүчү ишканалар алышты.

Кыргыз Республикасынын соода-сатыктагы негизги өнөктөшү Россия Федерациясы, акыркы саясий абалдан улам, продукцияларды ташуунун логистикасы бузулган. Бул алардын баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк бербей жатат.

Белгилей турган нерсе, ЕАЭБге мүчө жана коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда товарларга болгон орточо баалар бир топ төмөн.

 

Товардын аталышы Кыргызстан Казакстан Россия Белоруссия Армения Тажикстан Өзбекстан
 1-сорттогу буудай уну 34 36 38 38-39 40 46-48 42-44
Дан 31 20-23 20-23
Кумшекер (кг) 82 94 97 53 70 99 70
Тазаланган өсүмдүк майы(л) 159 138 158 137 279 198 219
Бензин Аи-92 (л) 65 34 62 71 92 79 66
Дизелдик күйүүчү май (л) 65 52 71 75 90 77 77

 

Ал эми күйүүчү майлоочу майларга баа дүйнө жүзү боюнча кымбаттап жатат. Кыргызстан бул боюнча толугу менен россиялык заводдорго көз каранды, бааларды жогору болуусунун себеби ушунда. Азыр күйүүчү майлоочу майлар заводдордон рублга сатылып алынып жатат. Жыл башынан бери буларды сатып алууга болгон баалар 33 пайызга өстү, демек ички рынокто да бензин 8 пайызга, дизелдик күйүүчү май 10 пайызга жогорулады.

Мындан тышкары бул заводдор санкциялык кысымга дуушар болгондуктан, ташуучуларга төлөмдөрдү өз убагында жасай албай, финансы каражаттары 90 күнгө жана андан көп убакытка тоңуп туруусу да рыноктогу товарлардын санына таасирин тийгизүүдө.

Бирок мындай абалга карабастан, КР Экономика жана коммерция министрлиги нефтетрейдерлер союзу менен биримдикте бааларды себепсиз көтөрбөө иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары ЕЭКте биздин нефтетрейдерлерге дүң баалар менен күйүүчү майлоочу майларды берүү жөнүндө демилге көтөрүп, эсептешүүлөрдүн дүң баасын батыш өлкөлөрүнө багытталган Netback индекси боюнча эмес, улуттук биржалык индекс боюнча берүүчү макулдашууга жетүү аракеттери жүрүүдө.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button