2022-2023-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 12-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу үч этабта өткөрүү каралган:

1-этап

12-14-июль, саат 14.00гө чейин конкурска катышууга өтүнмөлөрдү тапшыруу;

15-17-июль, саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окууну каалагандыгын ырастоого тийиш.

2-этап

19-21-июль, саат 14.00гө чейин конкурска катышуу учун өтүнмө тапшыруу;

22-24-июлда саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окууну каалагандыгын ырастоосу керек.

3-этап

26-28-июль, саат 14.00гө чейин конкурска катышуу учун өтүнмөлөрдү тапшыруу;

29-31-июлда, саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окууну каалагандыгын ырастоосу зарыл.

Жогорку окуу жайларга гранттык жана күндүзгү контракттык орундарга тапшыруунун мөөнөттөрү бирдей.

Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөтүн окуу жайы өз алдынча белгилейт.

Жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер тапшыра алат. Ал эми босого балл ЖРТнын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот.

Конкурска катышуу учун абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди электрондук автоматташтырылган маалыматтык система «Абитуриент Online» — https://2020.edu.gov.kg/ менен тапшыра алат.

Аймактардагы абитуриенттер өтүнмөлөрдү интернет аркылуу берип, конкурска катышса болот.

Абитуриенттердин рейтингин чыгаруу процесси автоматташтырылган система менен жүрөт.

Абитуриенттерди кабыл алуу 25-августка чейин уланат.

Техникалык колдоонун номери — 1818 (иш күндөрү: дүйшөмбү -жума, саат 8:30дан 17:30га чейин).