Коом

ИИМ: “Канал — экинчи барьер” субрегиондук баңгизаттарга каршы операциянын алдын ала жыйынтыгы чыгарылды

Жамааттык Коопсуздук тууралуу Келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) 2021-жылдын 23-августундагы Кезексиз отурумунда киригизилган сунуштарын ишке ашыруу максатында, “Түндүк каттамы” боюнча Ооганистандан баңгизаттардын транзитине, баңгизаттардын сырьелук базасын легалдаштырууга каршы аракеттенүү, баңгизаттардын контрабандасы каналына бөгөт коюу, улуттар арлык баңгилик топтордун, көмүскө лабораториялардын ишмердүүлүктөрүн токтотуу, баңгилик бизнестин экономикалык негиздерин, анын ичинен баңгилик кирешелерди легалдаштырууну жок кылуу, ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүдөн курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды алуу максатында, 2022-жылдын 23-майдан 27-майына чейин ЖККУнун калкасы алдында «Канал — экинчи барьер» операциясы өткөрүлдү.


Көрсөтүлгөн мөөнөттө Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин күч-аракети менен Ош шаарында «Канал — экинчи барьер» операциясын өткөрүү боюнча Эл аралык координациялоочу штаб (ЭКШ) түзүлүп, анын жумуштарына ЖККУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, БУУ БКБнын, ШКУнун Аймактык баңгизаттарга каршы түзүмдөрүнүн, ЕККУнун, КМШнын өлкөлөрүнүн бажы жана чек ара кызматтарынын бөлүктөрүнүн, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана финансылык террорчулукка каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун, ошондой эле КМШнын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюронун байкоочулары катышты.

ЭКШга иш сапарга тартылган, ЖККУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын офицерлери жана байкоочулар аталган операциянын алкагында түзүлгөн Мобилдик топтор менен таанышуу үчүн, ооган баңгизаттарынын трафиги өтүүчү, баңгилик жактан кооптуу багыттар менен, Жалал-Абад жана Баткен облустарына барууну ишке ашырышты.

ЭКШнын катышуучулары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаңы иш ыкмалары, баңгизаттарды ташуу жана жашыруу усулдары, кызматтык-издөө иттерин пайдалануу, баңгизаттарды алуунун акыркы фактылары маселелери тууралуу тажрыйба алмашууну уюштурулду.
Операциянын жүрүшүндө, баңгилик аткезчилердин укукка каршы ишмердүүлугүнүн деталдарын аныктоо үчүн көзөмөлдөп жеткирүү ыкмалары жигердүү түрдө колдонулду.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин укук коргоочулары тарабынан баңгизаттар менен алектенүүчүлөрдүн баңгилик бизнес кызыкчылыгында заманбап маалыматтык технологияларды пайдаланууну алдын алуу боюнча ар тараптуу чаралар ишке жүргүзүлү.

27-майда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султановдун катышуусу менен, ЭКШнын «Канал — экинчи барьер» операциясынын ишке ашыруу боюнча биргелешкен (координацияланган) аракеттердин алдын ала жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешмесин өткөрдү.
Операцияны өткөрүүгө 11 миңден ашуун ички иштер, баңгизаттарды көзөмөлдөө органдарынын, атайын, бажы кызматтарынын жана аскер кызматкерлери тартылып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкүлөр алынган:
— 274 кг баңгизат, психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү заттар, алардын ичинен 5 кг ашуун апийим, 70 кг жакын марихуана жана 75 кг гашиш;
— 86 кг ашуун альфа-PVP, мефедрон, метамфетамин жана башка сыяктуу синтетикалык баңгизаттар;
— 2 тоннадан ашуун прекурсорлор;
— 51 бирдик ок атуучу курал жана 2836 ок-дары, анын ичинен кол жардыргычтар алынган.

3 “көмүскө” баңгилик лаборатория аныкталып, жок кылынды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 389 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 28 кылмыштуу баңгилик, 21 бангилик аткезчилик менен байланышкан топтарго карата. Баңгизаттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн 50 жаран издөөгө алынган. Баңгизаттар тууралуу тыюу салынган маалыматтарды таратууну ишке ашырып жаткан, 306 интернет-сайт аныкталып бөгөттөлгөн. Көрүлгөн чаралар олуттуу алын алуучу натыйжаларды берди.

«Канал — экинчи барьер» субрегионалдык операциясынын жүрүшүндөгү тажрыйбанын негизинде, жамаатык коопсуздукту бекемдөө максатында, ЖККУга мүчө мамлекеттердин элинин байгерлиги үчүн, ушул эле жылы ЖККУнун “Канал” баңгизаттарга каршы операциясынын кезектеги жигердүү этаптары мерчемделип өткөрүлмөкчү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button