Коом

Кыргызстанга Кореядан ишкерлер, маданият өкүлдөрү, жазуучу жана журналисттер келери пландалууда

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Кореяда ишкерлер, маданият өкүлдөрү, жазуучу жана журналисттер менен жолугушуу өткөргөнүн жазды.

“Түштүк Кореянын KBS (Korean Broadcasting System) коомдук телерадиокомпаниясынын, Сеул шаарынын мэриясынын жана «Евразиялык сереп» коомдук журналынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдүм

Жолугушуунун жүрүшүндө маданий алмашуу, Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалын Түштүк Кореянын маалымат каражаттарында чагылдыруу сыяктуу тармактарда кызматташуунун маанилүүлүгүн талкууладык.

Кыргызстан Корея Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жетишилген макулдашуу келишимдерге, түзүлгөн достук мамилелерин жогору баланганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын инвестициялык, экспорттук жана туристтик потенциалы бийик экенине көңүл бурду, жана Корея Республикасынын массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу зарыл экенине коңүл бурдум.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Евразиялык сереп» журналынын төрагасы, профессор Чан Джин Ким Кыргызстандын элчилигинин сунушу боюнча, ошондой эле корей аудиториясынын Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогорулагандыгына байланыштуу Кореянын ишкерлеринен, маданий ишмерлерден, жазуучулардан жана журналисттерден турган корея делегациясынын ушул жылдын июль айында Кыргызстанга келиши пландалууда. Бул сапардын максаты Түштүк Кореянын көрөрмандарын жана активисттерин Кыргызстан менен тааныштыруу.

Кореялык  журналисттердин жана жазуучулардын Кыргызстанга болгон иш сапары өлкөнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, түштүк кореялык туристтерди Кыргызстанга тартууда жакщы тенденцияга ээ болоруна ишенеримди билдирдим.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанды Түштүк Кореяда таанытуу боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдаштык”,деп жазат элчи айым.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button