Коом

Кыргызстанда туулган Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болду

Кыргызстанда туулган Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кечээ, 1-июнда Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп өттү.

“Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири”, — деп жазган элчи айым.

Возможно, это изображение 1 человек и стоит

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button