Коом

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда эки жоокер жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда эки кыргыз жоокер жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жабыркагандар Баткен облустук ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандардын бирөөсүнүн абалы оор, экинчисиники орто оор деп бааланууда. Облустук оорукананын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Окуя болгон жерде тез жардам кызматынын эки бригадасы иштөөдө.

УКМКнын чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашкан. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган.

Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кеткен.

Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтобой, коңшу тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тарта баштаганы айтылган.

Ал эми саат 14:15ке карата Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогон.

«Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда.

Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button