Коом

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Иманалиев Кайрат Олжобаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button