Бүгүн, 9-июнда кыргыз-орус аймактар ​​аралык тогузунчу конференциясынын алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрү Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде аймактар ​​аралык кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулашты. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймактар ​​аралык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү программасынын даярдыгын, анын ичинде аймактар ​​аралык кызматташуунун укуктук негиздерин жана биргелешкен аймактар ​​аралык долбоорлорду колдоонун каржылык инструменттерин изилдеп чыгышып, өз сунуштарын айтышты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү аймактар ​​аралык соода-экономикалык кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасын сунуштап, аймактар ​​ортосунда бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда.

Россиялык бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ал эми Кыргызстандын ишкерлерине Орусиянын аймактарынын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары сунуш кылынды.

Ошондой эле Россиянын саламаттыкты сактоо тармагынын медициналык кызматтарды экспорттоо боюнча тажрыйбасы кыргызстандыктарга көрсөтүлдү.