Коом

Игорь Беляев: «Балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте иш-чаранын уюштуруучуларында»

Мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте иш-чаранын уюштуруучуларына жүктөлөт, бул көрүнүштө аквапарктын өкүлдөрүн күнөөлөөгө болбойт. Мындай пикирин “Балдарга жардам” КФнын жетекчиси Игорь Беляев 6-июнда борбор калаадагы “Ала-Тоо” аквапаркында болгон трагедияга комментарий берип жатып билдирди.

«Мен бул трагедияга күбө болгон эмесмин жана конкреттүү иш боюнча ким күнөөлүү экенин так айта албайм. Бирок мындай иш-чараларды уюштуруудагы көп жылдык тажрыйбамды эске алып, биринчи кезекте жоопкерчилик уюштуруучуларга жүктөлөт деп айта алам. Бул учурда мектептердин, албетте, аквапарктын өкүлдөрүнүн күнөөсү бар экенин жокко чыгаруу мүмкүн эмес», — деп белгиледи ал.

Беляевдин айтымында, мындай иш-чаралардын жүрүшүндө мугалимдер жана мектеп жетекчилиги балдарга жана аларды коштоп жүргөн адамдарга бассейнде өзүн кандай алып жүрүү керектиги, коркунуч болгондо эмнеге көңүл буруу керек, кимге жана кантип туура жол менен байланышса болорун толук түшүрүү керек болчу.

«Албетте, бул бир күндөн, ал тургай, бир жумадан ашык убакытты талап кылат. 1 же 2 айга созулат, бирок, ишенип койгула, эмгектин акыбети кайтпай койбойт. Анткени, бул балдардын коопсуздугу жөнүндө. Ата-эне эң баалуу нерсе болгон баласын — сизге ишенет.

Дагы бир маселе ата-энелер менен иштөө. Уюштуруучулар да ата-энелер менен сүйлөшүп, күтүлүп жаткан тобокелдиктер тууралуу толук маалымат берип, балдарга көрсөтмөлөрдү сурап, ар бир ата-эненин жазуу жүзүндөгү макулдугун алуулары керек болчу», — деп кошумчалады ал.
Беляев белгилегендей, мынчалык көп сандагы балдарды коштоп жүргөндөрдүн саны да чоң суроону жаратат.

«Уюштуруучулар 5-6 мугалим, бир нече энелердин коштоосунда үч жүзгө жакын баланы алып келгенде эмнени ойлошту? Анткени, балдар кумурскадай, аларды ээрчий албайсың. Маселен, былтыр да ушундай эле сандагы бала менен бул аквапаркка барганбыз. Бирок, биздин абал такыр башка болчу. Биздин тарбиячыларыбыз жана 60 адамдан турган ыктыярчыларыбыз эки айдын ичинде кооптуу учурда жардам берүү үчүн бардык зарыл билим жана көндүмдөрдү алышты, мындан тышкары, профессионал куткаруучулар демөөрчүлүктүн эсебинен кошумча тартылды.

Мындан тышкары, балдарым менен кайсы бир мекемеге барганда чай же кофе ичпейм, телефонума алаксып, көлөкөдө муздап, отурбайм. Биз бассейндин тегерегине туруп, балдарды көзөмөлдөдүк. Жеке мен балдардын коопсуздугун эч кимге ишенбейм. Чынында эле, кандай болгон күндө да, жаракат алууда же кудай сактасын баланын өлүмүндө алардын жакындарына мыйзам алдында жооп бергенден көрө, даярдыкка көбүрөөк убакыт короткон жакшы, компетенттүү куткаруучуларды тартуу үчүн демөөрчүлүк акча таап, башкача айтканда, бардык нюанстарды эске алуу керек», — деди башкы коомдук фонд. Анын айтымында, аны «эмне үчүн балдарга сууга түшүү үчүн атайын коопсуздук жеңдери менен камсыз кылышкан эмес?» деген суроо да кызыктырууда.

«ММКлар аквапарктын кире беришинде билететр арзандатуу менен 250 сомдон сатылып жатканда, алар балдардан 750 сомдон чогултушканын жазышууда. Эмне үчүн мындай учурда балдарга жеңдер берилген эмес? Эмне үчүн бул жөнүндө эч ким ойлонгон жок? Аларды уюштуруучуларга ким бериши керек эле? Аквапарктын кызматкерлериби? Дагы бир суроо, сүйлөшүүлөр кандай өттү? Мектеп жетекчилиги менен аквапарктын администрациясынын ортосунда жазуу жүзүндө келишим болгонбу? Уюштуруучулар канча бала алып келмек болду жана факты түрүндө канча баланы алып келишти? Анткени, адатта, мындай иш-чаралардын жүрүшүндө уюштуруучулар балдардын санын азыраак айтышат, бирок, иш жүзүндө андан дагы көп болушу мүмкүн. Келишимдин бардык шарттары аткарылдыбы? Анан дагы алып келишсе, эмне үчүн башка куткаруучуларды кошумча тартышкан жок?

Эми мектеп директору мугалимдер балдарды аквапаркка алып бараарын билбегенин айтып жатат. Мен буга ишенбейм. Анткени, кандай болгон күндө да окуу жайдын жетекчиси сабак учурунда ушунча окуучулар менен мугалидер бир убакта кайда кеткенин билиши керек.

Бул учурда катардагы мугалимдер күнөөлүү болуп чыгып, директор жазасыз калып жатканы кейиштүү.
Жалгыз таянычынан, жашоо кубанычынан ажыраган баланын апасына чын дилимден көңүл айтам жана бардык күнөөлүү тараптар, ким болбосун, өз жазасын алат деп ишенем.

Эске салсак, 6-июнь күнү дүйшөмбү күнү «Ала-Тоо» аквапаркында бир бала чөгүп кеткен. Бишкектеги No95 мектептин 3-классынын окуучусу классташтары менен ата-энелер комитетинин өкүлдөрү жана мугалимдердин коштоосунда аквапаркка келген. «Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү» жана «Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу» беренелери боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button