Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кеттиБул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, зыяратчылар Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Медина шаарына сапар алды.

“Бүгүн 405 жаран ажылык ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жатса, аларды 8 ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер коштоп кетти”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылыкка 2766 адам барат. Зыяраттын баасы 4500 доллар деп эсептелген.