Коом
20-июнга карата аба ырайы
Бүгүн, 20-июнда Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал. Бийик тоолордо кар жаайт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
күндүз +27…+32
Талас облусунда
күндүз +23…+28
Баткен облусунда
күндүз +26…+31
Ош, Жалал-Абад облустарында
күндүз +26…+31
Ысык-Көл облусунда
Нарын облусунда
күндүз +20…+25
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы күндүз +29…+31° градуска жетет.