Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы (U17) грек-рим күрөшү боюнча командасы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында биринчи орунду алды.
20-июнда Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча беттештер аяктады. Жалпысынан медалдын 10 комплекти ойнотулуп, улуттук командадан 10 балбан катышкан. Натыйжада кыргызстандык өспүрүмдөр жети медалга ээ болду, анын төртөө алтын, бирөө күмүш, экөө коло.
Муну менен жалпы командалык эсепте 182 упай чогултуп Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Андан кийинки сапта Иран (174 упай), үчүнчү орунда (170) Казакстан турат.
Бул категориядагы мелдеште 11 өлкөнүн балбандары күчүн сынаган.