Спорт

Кыргыз балбандары Азия чемпионатында эки алтын, эки коло утту

Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча чемпионат 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында өтүүдө.

Чемпионат алгач 17 жашка чейинки балбандар арасында башталган.

Кечээ, 20-июнда мелдештин экинчи күнүндө грек-рим жана кыз-келиндер күрөшүнүн спортчулары күчүн сынады. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын куржунуна эки алтын, эки коло топтолду:

1-орун — Кутман Темирбеков (65 кг);

1-орун — Асан Жанышов (80 кг);

3-орун — Жоомарт Аралов (71 кг);

3-орун — Жаркынай Нурлан кызы (61 кг).

Ал эми мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар килем үстүнө чыккан. Жыйынтыгында кыргызстандык балбандар эки алтын, бир күмүш жана бир коло медаль уткан:

1-орун — Жантөрө Мирзалиев (60 кг);

1-орун — Нурболот Сыргабай уулу (92 кг);

2-орун — Кубаныч Аринов (51 кг);

3-орун — Абдулахадходжа Абдуллаходжаев (55 кг).

Эскерте кетсек, Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 60 спортчу коргоодо.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button