“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” кеңсесинен башка кеңсеге көчөрдө министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Теңгиз Бөлтүрүк башка кеңсеге көчкөн себебин «Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн.

«Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген. Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган. Ал эми азыркы кеңсесинде убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы кеңсе куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду», — деп жазган Султанбаев.

Эске салсак, буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги Бишкектин борборундагы имаратты 50 миң доллардан кем эмес акчага ижарага алып жатканын билдирген.