Саясат

Аскар Акаев 2005-жылдагы революцияны АКШ уюштурганын айтты

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев казак тараптын чакыруусу менен Алматы шаарында жүрөт. Ал «Жить в эпоху перемен» интеллектуалдык кечесинде 2005-жылы Кыргызстандагы төңкөрүштү АКШ уюштурганын айтты, деп жазды «Orda.kz» маалымат агенттиги.

Акаевдин Казакстанга сапары 19-25-июнга чейин болот. Кечээ ал Казакстандын улуттук университетинин студенттери менен жолугуп, аларга лекция окуган. Андан соң Алматынын менеджмент университетине барган.

Акаев «Жить в эпоху перемен» деп аталган интеллектуалдык кечеге  катышып, анын жүрүшүндө президент болгон кези жөнүндө сөз болгон. Ал 90-жылдары Кыргызстандын өнүгүү темпи жакшы болгонун, бирок 2000-жылдары көйгөй жаралганын айтты.

Ошондой эле бийликтен кеткенине АКШны күнөөлөдү.

«Мен муну ачык айтып келем, себеби АКШнын элчиси Янг Грузия менен Украинадагы революциядан кийин АКШ төңкөрүштөрдү уюштуруп келгенин билдирген. Мен балким чет өлкөгө чыгып кетип ката кетирген болушум мүмкүн. Көп адамдар Кыргызстанда калыш керек болчу деп айтып жатышат. Бирок мен кан төгүү даярдалып жатканын билгендиктен, атымды кан төгүү менен байланыштырбайын деп чечкем. Өлкөдөн чыгып кеткеним үчүн өкүнбөйм», — деди Акаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button