Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВ, инвестициясы 300 млн долларга барабар күн электр станциясынын курулушу башталды. 21-июнда курулушка капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү, деп билдирди Казакстан элчилигинин басма сөз кызматы.

Буга чейин кайра жаралуучу энергия тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген казакстандык «ТехноГруппСервис» ЖЧШ инжиниринг компаниясы кыргызстандык «Бишкек Солар» компаниясы үчүн күн электр станциясын жана электр энергиясын өндүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны курары белгилүү болгон.

Кубаттуулугу 50 МВт күн станциясын куруу боюнча долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) жана казакстандык AIFC Green Finance Centre Ltd компаниясынан каражаттар тартылууда.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев өз сөзүндө бул долбоор «жашыл» энергетика тармагында казак-кыргыз кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөлөргө бийик экологиялык стандарттарга жараша энергия менен камсыздоо маселелерин биргелешип чечүүгө жардам берерин белгиледи.

«Бул долбоорду ишке ашыруу жашыл энергетикага мындан ары инвестиция тартууга, өлкөлөрүбүздүн күн жана шамал потенциалын натыйжалуу пайдаланууга түрткү берет», — деп кошумчалады Жошыбаев.