2022-жылдын 24-июнь күнү ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май күзөт бөлүмүнүн батальонунун милиционери,  милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктөр башкармалыгы боюнча департаментинин имаратын кайтаруу учурунда Чокморов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эки жолу жарылуу болгонун уккан. Ал жерде жарандардын топтолуп жатканын көрүп, барган учурунда көп кабаттуу үйдөгү батирде өрт чыгып жатканын көрүп, тез арада подьездке кирип, электр щитти өчүргөн. Андан соң өрт чыгып жаткан батирдин катуу жабылып калган эшигин ачууга аракет кылып жаткан учурда балдардын жардамга чакырган үндөрүн уккан. Тез арада жардам берүүнү көздөп,  жанында турган жарандын жардамы менен эшикти ачып кирген.

Милиция кызматкери Калыбек өз өмүрүн тобокелге салып, бетин сууланган сүлгү менен жаап, түтүнгө толгон батирден 4-5 жаштардагы кызды издеп таап, алып чыккан. Ошондой эле кыздын апасын өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен. Андан соң, ӨКМдин кызматкерлери келгинче милиция кызматкери жанындагы жаран менен биргеликте өрттү өчүрүүгө киришип, өрттүн негизги бөлүгүн өчүрүүгө үлгүрүшкөн.

Ал эми, адам өмүрүн сактап калууга себепкер болгон милиция кызматкери милициянын старшинасы Калыбек Асылбековдун ички иштер органдарында кызмат өтөгөнүнө 6 жылдын жүзү болду.  Милиция кызматкери болууну балачагынан бери самап, тилеги орундалып, учурда элине жардамы тийип, кыргыз элинин алкышына арзып жаткан чагы.

ИИМдин Басма сөз кызматы