Коом
Бишкекте мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды
Бүгүн, 27-июндан тарта Бишкекте мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүндөн тарта ата-энелердин жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектептер ачылды.
“Буга байланыштуу мектептин микроучастогунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек, ал эми “Мектепке электрондук кабыл алуу” АИСке катталган ата-энелер, эгерде бар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”, — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайтында жүргүзүлөт.
Техникалык колдоо номерлери: +996 (312) 98 89 40, 119.