Эгер Кытайдын карызын төлөй албай калсак, анда Бишкек ТЭЦинин, Датка-Кеминдин, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу башка бирөөнүн колуна өтөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал мындай фактылар Пакистан, Шри-Ланка өлкөлөрүндө катталганын белгиледи.
«Коркуткан сөз эмес, эгер карызды төлөй албай калсак, Кытайдын экспорттук-импорттук банкы кайсы башкаруучу компанияны киргизсе объектилер ошого өтөт. Ошондуктан ушундай моюнга илинген жиптен кутулушубуз керек. Кудай сактасын деп отура бербей баарыбыз бир туунун астына биригип, бир багытта иштешибиз зарыл. Көз карандысыздыгыбызды сактап калышыбыз керек. Жок дегенде экономикалык жагынан жакшы туруштук бере алабыз деп ишенем», — деди Жапаров.

Өкмөт башчы ошондой эле беш жыл катары менен мамлекеттик карызды төлөөгө 35-50 миллиард сом керектелерин кошумчалады. Анын ичинен тышкы карыз 80 пайызды түзөт. Бул акчанын жарымынан көбү Кытайдан алынган.