Коом

Түркияда маймыл чечегинин биринчи учуру тастыкталды

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа өлкөдө маймыл чечегинин биринчи учуру тастыкталганын билдирди. Бул тууралуу ал Twitterдеги баракчасына жазды.

«Маймыл чечек оорусу биздин бейтаптардын биринен табылган. 37 жаштагы бейтапта иммундук системанын жетишсиздиги бар. Ал обочолонгон. Динамикалык байкоо жүргүзүлдү, башка учурлар аныкталган жок «, — деп жазган. Ошондой эле ал, оору абадагы тамчылар менен эмес, жакын физикалык байланыш аркылуу жугат деп баса белгиледи.

Бирок, Кожа окуя Түркиянын кайсы шаарында катталганын тактаган жок.

Белгилей кетсек, маймыл чечегинин вирусу биринчи жолу маймылдан 1958-жылы аныкталган. Ал эми 1970-жылдары адамдардын арасында бир-эки учур катталган. 2017-жылдары Кения (558 учур аныкталып, өлүм катталган), Танзания мамлекеттеринде аталган оору тарап жатканы боюнча маалымат берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button