Саясат
Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тарады
Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын биринчи сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланды.
«Сессия мезгилинде 41 мыйзам, 276 токтом долбоору кабыл алынды. 4 депутаттык комиссия түзүлдү. Алар бүгүнкү күндө өз ишин алып барууда. 7 628 жарандын кайрылуусу каралып, депутаттар 6 миңден ашуун шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү», — деди төрага Талант Мамытов.
Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда мамлекеттик гимн аткарылып, депутаттар жайкы эс алууга тарады.