Кечээ, 1-июлда Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салганы, ал кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жазылган. Ал эми карындашы А.Ж. окуянын чоо-жайын айтып, кыргыз элинен жардам сурады. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында жарыялады.

«Мен эч качан мындай болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Менин үй-бүлөмө абдан кыйын болуп жатат. Күндөгүдөй эле эртең менен саат 7:45 чамасында үйдөн чыккам. Жолдо өтүп бара жаткан унааны тосуп түштүм. Рулда 40-45 жаштардагы киши болчу. Ал бир нече метр жүрүп, ылдамдыгын кескин жогорулатып, унаадагы музыканын үнүн катуулатты. Жолдон чыгып, кант заводун көздөй жөнөдү. “Жибек” кафе же дүкөн беле бурулгандан киийн дароо артын карады. Мен анын артында отурган элем. Ал кийимдеримди жулмалап, мени кармалай баштады. Мен абдан корктум. Эч нерсе деп айта албай калдым. Жада калса кыйкырганга да чамам болгон жок. Ал мен жакка отуруп, тамекиге окшош бир нерсе сунду. Мен андан баш тарттым. Ал аны күйгүзүп баштаганда унаадан качып чыгууга үлгүрдүм. Мени жолдо келе жаткан биринчи унаа салып кетти», — деп жазган ал.

Анын айтымына караганда, экинчи унаанын айдоочусуна окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, жардам сураган.

«Мен жолдошума чалгандан коркуп өзүмдүн байкеме чалдым. Унаада айдоочудан башка дагы бир аял бар болчу. Мен 3 балам менен карганып ал адамды тааныбай турганымды айтып, жардам сурадым. Ошол убакта бизди кууп келе жаткан алиги адам жетип келип, унаанын арткы эшигин ачты да мени уруп-согуп, чачымдан сүйрөп баштады. Жанымда отурган аял болгону сыртка чыгып, башка унаа тосуп кеткенге шашты. Айдоочу да жардам берген жок.

«Аны унаандан түшүр, өзүңөр чечип алгыла» деп койду. Ошол учурда байкем келип калды. Ал күтпөгөн жерден байкабай мени сабап жаткан адамды травматикалык тапанча менен атып алды. Тиги адам да ошол жерден каза тапты. Менин байкем менин таянычым. Ал менин намысымды коргоду. Эгер байкем болбогондо эмне болот эле билбейм. Бардык кайдыгер эмес жарандардан суранам. Муну колдон келишинче бөлүшүп, менин үй-бүлөмө колдоо көрсөтүңүздөр. Биз абдан силердин жардамыңарга муктаж болуп турабыз. Мындай окуяга эч ким дуушар болбосун», — деп жазат ал.