Бишкек шаарына жыл аягына чейин 600 экоавтобус келип, маршруткалар шаардын сыртына чыгарылат. Бул тууралуу калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, борбор калаага газ жана электр кубаты менен жүргөн 350 автобус алып келинет.

Мэрдин маалыматы боюнча, маршруттук таксинин жетекчилери менен жолугуп, ушул жылдын аягына чейин автобустар келерин, 100 кичиавтобустун ордуна 10 автобусту алып иштеткиле дедик. Анткени маршруттук таксилер шаардын сыртына чыгарылат.

– Калаанын негизги бөлүктөрүндө автобустар жүрө баштайт. Кийинки жумада шаардык бюджеттин эсебинен 100 автобус алганы жатабыз, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 100 автобуска каражат берилерин айткан. Жалпы 500-600 автобус каттамга чыгат, – дейт ал.