Коом

Штаб: Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими сакталат

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб 2020-жылдын март айында өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимин кармап туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн штабдын жыйынын өткөрдү.

Анда Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкөгө кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү зарылчылыгы жоктугун айткан. Аны менен катар коронавирустун жайылышы тууралуу кырдаалдын өнүгүшү боюнча бардык варианттарга чара көрүүгө жетиштүү күч жана каражат бар экенин маалымдаган.

Ал эми Байсалов эл COVID-19 шартында жашоого үйрөнүшү керектигин белгиледи. Вакцина албаган жарандар кесепети өлүмгө жеткире турган тобокелчиликтерди жаратарын эскерткен.

Мындан улам тийиштүү мамлекеттик органдарга өлкө калкын эмдөө иштерин активдештирүү тапшырмасын берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button