Коом

Жогорку Сот судьялардан ак ниеттүү иштөөнү талап кылды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардан ак ниеттүү иштөөнү талап кылды. Бул тууралуу ал аймактардагы судьялардын иштери менен таанышуу учурунда айтканын Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

«Замирбек Базарбеков борбор калаанын сотторунун судьялары жана кызматкерлери менен болгон жолугушууда бир катар маселелерди көтөрдү. Судьяларга иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароо, бирдиктүү соттук практиканы жүргүзүү жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу боюнча талыкпай иштөө тапшырылды. Тактап айтканда, соттордун ар бир чечимине баа берилип, сот адилеттигин сапаттуу ишке ашыруу үчүн өлкө тарабынан тийиштүү шарттар түзүлүп, мамлекет башчысынын колдоосу менен соттордун айлык маянасы көтөрүлгөндүгүн баса белгиледи. Замирбек Базарбеков Бишкек шаарынын судьялары тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер боюнча мисалдарды келтирди. Соттордогу бюрократиялык иштер, соттук отурумдарды тынымсыз жылдыруу боюнча жарандардан арыз-даттануулар көп. Ошондой эле судьялар тарабынан процессуалдык нормалардын бузулушу боюнча даттануулар дагы бар. Судьяларга жүктөмдөрү көп болгондугуна карабастан, ар бир ишти дыкат карап, мыйзамдуулукту сактап, тынымсыз өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө тапшырылды. Ошондой эле которулган соттордун абийир, ак ниети менен иштөөсүн жана ар бир соттук материалдын, иштин артында адам тагдыры тургандыгын эскертти», — деп билдиришти Жогорку Соттон.

Соттордун ротацияга байланыштуу актуалдуу көйгөйлөрүнө токтолгон Замирбек Базарбеков министрлер кабинети судьялардын көчүп барган чыгымдардын ордун толтуруу үчүн каражат издеп жатканын белгиледи.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын август айында жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу күтүлүп жатканы маалым болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button