ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-ноябрындагы Чечими менен бекитилген «Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин иш-чаралар планына» ылайык, Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан  тарабынан 2022-жылдын 27-июнунан 4-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында «Нелегал-Трафик» комплекстүү издөө иш-чаралары өткөрүлгөн.

Операциянын жүрүшүндө Кызматтын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүдөй фактылардын бетин ачуу боюнча иш-чаралар аткарылды:

-мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аныкталган укук бузуулар- 369;

— Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу-2;

— чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу-28;

— Кыргыз Республикасына аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу-34;

— чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу-305;

— мыйзамсыз миграцияны уюштуруу-45;

-ок атуучу куралды алуу-2;

-мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталды-3;

-экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча 2 кылмыш аныкталды;

-эл аралык издөөдө жүргөн 6 жаран кармалды;

-юридикалык жана физикалык жактарга 1 961 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыщз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына ишкерлер  кайрылып, алардан кылмыштуу чөйрөнү колдоо максатында белгисиз адамдар 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып жатышкандыгы боюнча кайрылган.

Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  1-июль күнү акча каражатын алып жаткан жеринен Баткен районунун тургундары кармалып, алардын жашаган жеринен жана унаасында тинтүү учурунда ок атуучу куралдар табылып алынган.

Мындан тышкары, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча туруктуу каналдын ишмердүүлүгү, тагыраак айтканда, биздин жарандарды чет өлкөгө мыйзамсыз чыгаруу ишмердүүлүгү токтотулду.

Кыргыз Республикасынын жараны 1986-жылы туулган А.Н. “Грин Лайт Компани” компаниясынын директору, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксаты жок туруп, 40 кишиден турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобун чогултуп алып, анын ичинде балдарды Европа жана АКШ өлкөлөрүнө алып өтүү максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украинанын аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткиришкен.

Бул жаран чет элдик жарандар менен келишим түзүп алып, Кыргыз Республикасынын жарандарын Молдовада 5 айдан ашык кармап, аларды круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ жана Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган.

Натыйжада, Молдованын укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын жарандарына кылмыш ишин козгоп, кийин алар депортацияланган.

Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө 31 кылмыш иши козголуп, жалпысынан 20 000 000 сомго жакын зыян келтирилип, иш сотко жөнөтүлгөн.

ИИМдин Басма сөз кызматы