Социалдык тармакта Апрель революциясынын баатырларынын айкелин кучактап түшкөн кыздын сүрөтү нааразычылык жаратты.
Маалым болгондой, кыз сүрөттү Инстаграм баракчасына жүктөп “Башкаларга ашыксың, өзүңдүкүнө – жок” деп билдирүү калтырган.
Эске салсак, 2010-жылы Ала-Тоо аянтында болгон апрель окуясында 87 адам каза болуп, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган.
Курман болгондордун элесине арналып «Ала-Тоо» аянтына Апрель революциясынын баатырларынын айкели орнотулган.