Коом

Быйыл жогорку окуу жайларга 6 миң бюджеттик орун бөлүндү

Быйыл жогорку окуу жайларга 6 миң бюджеттик орун бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу көлөмү бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин айтымы боюнча, 2022-2023-окуу жылына 6 миң мамлекеттик билим берүү гранты бекитилип, анын ичинен 4 миң 663ү педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнгөн.

Ошол эле учурда быйылкы окуу жылына кошумча 205 гранттык орун бөлүнүп, алар табигый-техникалык жана педагогикалык багыттарга бөлүштүрүлгөн.

«Быйыл мурдагыдай эле жогорку окуу жайларына тапшырууда жеңилдиктерге ээ болгон жарандардын категориясы аныкталды. Алар 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган абитуриенттер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында каза болгон жарандардын балдары, кайрылман статусуна ээ болгондор жана чет жерде жашаган этникалык кыргыздар»,-деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 80 мамлекеттик билим берүү гранты өлкөнүн мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн берилгени айтылат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button