Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс дүйнө коронавирустун жаңы штаммдарынын көбөйүшүнө байланыштуу COVID-19 менен күрөшүүнүн далилденген ыкмаларына кайтуу керектигин айтты.

Маалыматка ылайык, ал коронавирусту жуктургандардын арасында ооруканага жаткырылгандардын жана каза болгондордун санынын көбөйүп жатканы тынчсыздандырган белги экенин баса белгилеп, өлкөлөрдүн өкмөттөрүн “сыналган жана далилденген чараларды, анын ичинде беткап кийүүнү, жайларды желдетүүнү жана текшерүү жана дарылоо үчүн протоколдорду колдонууга чакырды. ”

Тедрос Гебрейюс өлкөлөр коронавирусту күчөтпөө үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деп эсептейт. Ал өкмөттөрдү кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша көрүлгөн чараларды кайра карап чыгууга үндөдү.