Бишкекте «Дөө-Чыңгыз» каймана аты менен таанылган кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык,  Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Чыңгыз Жумагуловду кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү», — деп айтылат Атайын кызматтын маалыматында.

УКМК Жумагуловдон жабыркаган жарандар болсо, 0 (312) 64-04-75 ишеним телефонуна билдирүү калтырууну өтүнөт.