Кылмыш-кырсык

Ысык-Көлдө казакстандык спортчуну унаа сүзүп каза болду

Ысык-Көлдүн Булаң-Сөгөттү (Комсомол) айылында Казакстандын жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу Мурат Джузгенбаевди унаа сүзүп каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июлда саат 07:40 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Булаң-Сөгөттү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталды деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 97-чакырымында Лексус-330 үлгүсүндөгү унаа менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, Бишкек шаарынын 41 жаштагы У.А. Григорьевка айылынын 40 жаштагы тургуну П.И.нын башкаруусунда «Ниссан Микра» үлгүсүндөгү унаа менен капталынан кагышкан, андан соң жол жээгинде келе жаткан Казакстандык 58 жаштагы Д.М. аттуу спортчуну сүзүп кеткен.

«Кырсыктын кесепетинен Казакстандын жараны окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган. Бардык чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button