LONDON - AUGUST 11: A glass of water is filled at a kitchen tap on August 11, 2008 in London, England. Thames Water bills are expected to have an annual rise of 3 percent more than inflation as water companies submit predicted finance plans for 2010 to 2015. (Photo by Cate Gillon/Getty Images)

Нарын облусундагы 43 айылга таза суу киргизилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Азия өнүктүрүү банкы каржылаган бул долбоор эки этап, төрт лот менен ишке ашырылып, биринчи этап ушул жылдын ноябрь айында, экинчи этап 2026-жылы аяктайт.

Алгачкы этаптын биринчи лотуна Нарын районунан 9, Ат-Башы районунан 2, Ак-Талаа районунан 2 айыл кирген. Учурда 5 айылда долбоорлор жана иш кагаздар даярдалып, мамлекеттик экспертизада каралууда, 6 айылда эскиздик долбоор даярдалууда, 2 айылдын суу башаттарында кошумча гидрогеологиялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Экинчи лотто калган 15 айылга таза суу киргизүү үчүн тендер жарыяланып, келишим түзүлгөн. Ага Жумгал районунан 9, Кочкор районунан 4, Ак-Талаа районунан 2 айыл кирген. Азыркы тапта 2 айылда долбоорлор жана уруксат кагаздары толук аяктап, экспертизадан өткөрүлүп жатат.

Экинчи этаптын иштери 2024-жылы башталат. Ага Нарын районунан 7, Кочкор районунан 6, Ак-Талаа районунан 2 айыл кирген.

Айта кетсек, бул долбоорду жүргүзүүгө Азия өнүктүрүү банкы 32 млн доллар бөлгөн.