Коом

Эми бирөөнүн кароосуна муктаж чоңдор дагы жеке ассистент ала алышат

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 1-июндан тартып жеке ассистент кызматын алуу үчүн жаш курагы боюнча чектөө алынды. Бул тууралуу  маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, эми жеке ассистент кызматын балдар эле эмес, бирөөнүн кароосуна жана көзөмөлүнө муктаж I топтогу майыптыгы бар чоңдор дагы ала алышат.

“Аларга ай сайын берилүүчү жардамдын өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго чейин жогорулатылды. Республика боюнча жеке ассистент кызматын 8 миң 493 адам аткарат”, — деди министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button