2022-жылы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамен тапшыргандардын 77,7 пайызы өтпөй калган. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, “Унаа” мамлекеттик мекемесинде жыл башынан бери айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 310 миң 502 жаран экзамен тапшырган.

“Алардын ичинен 241 миң 186сы, башкача айтканда, 77,7 пайызы экзаменден өтпөй калган. 22,3 пайызы гана өзүнүн билимин тастыктап, айдоочулук күбөлүк алган”, — дейт ал.