Коом

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу башталды

Бүгүн, 18-июлда өлкөнүн жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Тандоонун жана кабыл алуунун беш турун өткөрүү каралган.

1-тур – 18-20-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

2-тур – 25-27-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

3-тур – 1-8-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

4-тур – 8-10-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

5-тур – 15-20-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button